Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Ош

Көп улуттуу Өзгөн шаарынын активист жаштары айдоочуларга белек таратышты (фото)

Turmush -  Өзгөн шаарынын активдүү жаштары улуттар аралык ынтымакты чыңдоо максатында айдоочуларга белектерди таратышты. Бул тууралуу Өзгөн шаарынын вице-мэри Мухаммед Макешов билдирди.

Иш-чараны уюштурууга патрулчулар жардамга келип, алар токтоткон унаалардын айдоочуларына жаштар белектерди тапшырып, ынтымакка үндөп жатышты.

«Өзгөн шаарында 20дан ашуун улуттун 57 миң 600 өкүлү жашайт. Улуттар аралык ынтымакты чыңдоо максатында мэрия демилге көтөрүп, иш-чараны жаштар комитетинин башчысы уюштурду. Комитеттин башчысы Мырзахит Маматкасымов баштаган өзбек тектүү жаштар каражат чогултушуп, Рамазан айына карата айдоочуларга белектерин таратып, аларды ынтымакка үндөштү. Бул иш-чараны өткөрүүгө Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы Адамжан Жалилов да көмөк көрсөттү», - деди Макешов.

Бул жылы көп улуттуу элди бириктирип, Айт намазын калаадагы аянтта окуу демилгеленген.

«Айт намазы Өзгөн шаарынын борбордук аянтында окулат. Ага бардык айыл өкмөттөрдөн жашоочулар келишет. Айт намазы 1990-2010-жылдардагы окуялардан кийин окулбай калган болчу», - деди вице-мэр.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1767
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×