Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусу, Озгон 29.07.2017 07:15 На русском

Видео, фото - Өзгөндүн борбордук базары өрттөнүп жатат

Turmush -  Бүгүн, 29-июлда таңга маал Өзгөн шаарындагы борбордук базарда ири өрт чыкты. Turmush басылмасынын кабарчысы окуя болгон жерден билдиргендей, учурда өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатат. Адамдар соода түйүндөрдөн товарларды ташып чыгууга аракет кылууда.

ӨКМдин алдын ала билдирүүсү боюнча, өрт саат 04:50 чамасында чыккан.

«Учурда базарда жайгашкан контейнерлер күйүп жатат. Өрт болжол менен 1500 чарчы метрди каптады. Адамдар жабыркаган жок. Тактоо иштери жүрүп жатат», - деп айтылат ӨКМдин билдирүүсүндө.

Ири өрт чыккан базарда №53 өрт өчүрүү бөлүмүнөн 2 бөлүм, №102 бөлүмдөн 1 бөлүм, №104 бөлүмдөн 1 бөлүм иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×