Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусу, Озгон 31.07.2017 10:47

Ош—Исфана жолундагы авариядан 34 жаштагы келин 4 айлык кызы менен каза болду

Turmush -  Ош облусунда унаа кырсыктын кесепетинен эне-бала көз жумду. Патрулдук милициянын маалыматы боюнча, 30-июлга караган түнү саат 03:00 чамасында Ош—Исфана жолунун 22-чакырымында «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа «МАН» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын артынан сүзгөн.

Анын кесепетинен кичи автобустун оор жаракат алган жүргүнчүлөрү — 1983-жылы туулган аял, колундагы 4 айлык кызы менен кырсык болгон жерден каза болгон. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×