Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ош облусу, Озгон 02.09.2017 13:59 На русском

Өзгөндө мэрдин кубогуна ээ болгон футболчулар аныкталды (фото)

Turmush -  Өзгөн шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгына карата уюштурулган мэрдин кубогу үчүн футбол боюнча мелдештин финалы кечээ, 1-сентябрда жыйынтыкталды. Анын алкагында шаардагы 21 кварталдык комитеттерден түзүлгөн командалар күч сынашкан.

Финалдык беттеш Орто-Коргон стадионунда өтүп, оюн талаасына алгачкы турнирлерде атаандаштарын утуп чыккан Кайрагач жана Гузар кварталдык комитеттердин командалары чыгышты. Жыйынтыгында 6:0 эсеби менен Гузар кварталынын командасы жеңишке жетишип, жеңүүчү аталды. Ошондой эле, 1-2-3-4-орундарды ээлеген командалардын футболчулары акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Мелдешти уюштуруучулардын айтымында, мэрдин кубогуна арналган мелдештер жыл сайын уюштурулуп, эки жыл жеңүүчү болгон командага кубок түбөлүккө белекке берилет. Бул мелдешти 2016-жылы дагы Гузар кварталынын командасы жеңип чыккандыктан, алар мэрдин кубогуна ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×