Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусу, Озгон 18.10.2017 14:46 На русском

Фото - Өзгөндө каза болгон 23 жаштагы жигиттин унаасын мас айдоочу башкарган «Тойота» сүзгөн

Turmush -  Өзгөн шаарында 23 жаштагы жигиттин өмүрүн алган жол кырсыкка байланыштуу тактоо, тергөө иштери улантылып жатат.

Ош ОИИБдин Патрулдук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Өзгөн шаарынын 1992-жылы туулган тургуну Н.Н. өзүнүн «Тойота Виндом» үлгүсүндөгү автоунаасын мас абалда башкарып чыккан. Ал алгач «Дэу Тико» автоунаасы менен кагышкан. Андан кийин «Дэу Тико» «Хонда Фит» үлгүсүндөгү автоунааны сүзүп токтогон.

Анын кесепетинен «Дэу Тико» унаасынын айдоочусу — 1994-жылы туулган М.Арсарбек окуя болгон жерден көз жумду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×