Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусу, Озгон 31.10.2017 09:23

Өзгөндө көп улуттан куралган командалар футболдук мелдешке түштү

Turmush -  Өзгөн шаарында «Достук кубогу» аталышында кичи футбол боюнча мелдеш өттү. Анын алкагында Өзгөн шаарындагы кварталдык комитеттерден, Өзгөн шаардык мэриясынан түзүлгөн командалар күч сынашты, деп маалымдайт кабарчы.

Жалпы 8 команда ойноп, оюндун шарттары боюнча ал командалар ар улуттан куралды. Мелдештердин жыйынтыгында Өзгөн шаарындагы Ташлак кварталынын футболчулары 1-орунду ээлеп, баалуу белектерге ээ болушту. Кызыл Ай коому тарабынан уюштурулган футболдук мелдештин негизги максаты — улуттар арасындагы ынтымакты бекемдөө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×