Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусу, Озгон 04.11.2017 00:22

Өзгөндүк майыптын 8 баласына ушул убакка чейин жөлөк пул берилген эмес (фото)

Turmush -  Өзгөн шаарындагы аз камсыз болгон көп балалуу үй-бүлөгө азык-түлүк жана материалдык жардам берилип, балдарына жөлөк пул чыгаруу каралууда. Бул тууралуу Өзгөн шаардык мэриясынан билдиришти.

Мэрдин милдетин аткаруучу Рахманжан Атажанов турмуш шарты оор Гүлзат Абакированын үй-бүлөсүнөн кабар алган. Ал 8 баланын энеси. Жолдошу ден соолугуна байланыштуу ишке жарамсыз. Учурда бул үй-бүлө жолдошунун пенсиясы менен күн кечиришет. Ал эми, 8 баласынын бирине да ушул күнгө чейин жөлөк пул алган эмес.

Мэрия жөлөк пул чыгарууга көмөк көрсөтүүнү убадалап, учурда балдардын документтери топтолуп баштады. Ошондой эле, бул үй-бүлөнүн үйүндөгү эски терезелер алмаштырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×