Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ош облусу, Озгон 08.01.2018 20:09

Күн сайын тыгын жаралган Өзгөн шаарындагы жол чырактар иштебейт

Turmush -  Өзгөн шаарынын борборундагы жол чырак июнь айынан бери иштебей, автоунаалардын тыгыны жаралып жатат. Бул көрүнүшкө шаардыктар нааразы.

Жергиликтүү тургун Нурсултан Өмүрбеков жол чырактын жоктугунан башаламандык көп экенин белгиледи.

«Өзгөн шаарынын борбордук көчөсү ушул. Бул жол чырактын иштебей калганына 5-6 айдан ашты. Бирок эч ким көзөмөл кылбай жатат. Жөө жүргүнчүлөргө өзгөчө кооптуу абал жаратууда», - деди ал.

Өзгөн шаарынын борбордук жол чырагы базардын жанында жайгашкандыктан жөө адамдар дагы жолдон көп өтүшөт. Ошондой эле, Ош—Бишкек каттамындагы таксилер дагы жол чырактын айланасында жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×