Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусу, Озгон 10.01.2018 09:21

Өзгөндө батирден өрт чыгып, документтер кошо күйүп кетти

Turmush -  Балдардын от менен ойногонунун кесепети жана этиятсыздык акыркы сутка ичиндеги бир катар өрт кырсыктарына себеп болду.

ӨКМ билдиргендей, Араван районунун Октябрь айылында эки кабаттуу мал сарайдын чатыры жана 2 тонна саман, 1,5 тонна чөп күйүп кетти. Өрттү от менен ойногон балдар тутанткан.

Ошондой эле, өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан Өзгөн шаарындагы батирден өрт чыгып, уктоочу бөлмөдөгү кийим-кече, 10 даана төшөк жана документтер күйгөн. Өрттөн адамдар жабыркаган жок. Учурда чыгымдар такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×