Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Ош

Өзгөндө май куюучу жайдын жанына курулган мончону бузушту

Turmush -  Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан «Кундуз» мончосу текшерүүгө алынып, уруксат кагаздары жок болуп чыккан. Ошондой эле, ал күйүүчү май куюучу жайга жакын мыйзамсыз курулганы аныкталган.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Өзгөн шаары боюнча аймактык башкармалыгы буга байланыштуу бир нече жолу түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Анын негизинде курулуштун ээси талапты аткарып, мончонун имаратын бузуп баштады.

Адистердин айтымында, тез арада мончону бузбаганда түрдүү кырсыктар болушу мүмкүн эле.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1466
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×