Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ош облусу, Озгон 17.02.2018 12:11 Жаңыланды: 17.02.2018 17:12 На русском

Айыл турмушу: 16 төө багып жаткан өзгөндүк Элиер оорудан төөнүн сүтү менен айыкканын айтып берди (фото)

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн шаарынын 31 жаштагы тургуну Элиер Курбаналиев Казакстандан сүт багытындагы төөлөрдү алып келип багууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 40 градус суукка, 50 градус ысыкка чыдамдуу болгон төөлөр, Өзгөн шаарынын климатына да бат эле ыңгайлашты. Учурда ал 16 төө багып, анын сүтүн дарылыкка пайдаланууда.

«Менин төө багып калышыма сарык оорусу менен ооругандыгым себеп болду. Сарык болуп 8 жылдай ооруканада жаттым. Бирок жакшы жыйынтык болгон жок. Барбаган жерим калбады, акыры Кытайга барып, төөнүн сүтүн ичип, айыгып келдим. Ал жерден келген соң, атайын Чоң-Алайга барып эки өркөчтүү төө сатып алдым. Төөнү саап, күндө ичип баштадым. Чындыгында менин оорума төөнүн сүтү даба болду. Анан төөнүн сүтүн сурап келгендер көбөйө баштады. Мындан улам, төө багуу идеясы пайда болуп, Казакстандын Жети-Сай районунан 7 төөнү ботолору менен сатып келдим», - дейт ал.

Э.Курбаналиевдин айтымында, төө көп чыгымды талап кылбайт. Малдан калган чөптү жей берет. Негизинен тикендүү чөптөрдү жакшы жейт.

«Казакстандын талааларында сүт багытындагы төөлөр абдан көп экен. Менин төөлөрүм, түркмөн породасындагы төөлөр. Алар 40 күн суу ичпей деле жүрө алышат дешет. Бирок биздин төөлөр колго багылгандыктан туулгандан тартып суу ичип көнүп калышкан. Күндө суу ичип турушат. Менин 8 төөмдүн баары саан эле, азыр 6 төө байып, саалбай калды. Учурда 2 төөнү саап жатам. Булар адамдын чоочун экенин дароо билишет. Менден башка адамга саадырбайт. Жактырбаган адамынын бетине түкүрүп, тээп салат. Төө ушундай күчтүү жаныбар экен, каттуу тепсе, жылкыны өлтүрө тебет. Ошого биз абайлап турабыз. Мен 16 күн таалада жүрүп, төө багуу үйрөнүп келдим. Казакстанда бир адамдын 500 төөсү бар экен, ошондон алып келип турам. Жакында дагы 10 төө алып келип, көбөйтүүнү пландап жатам», - деди ал.

Ал кыш мезгилинде төөнү эки маал гана саайт. Эртең менен саат 08:00 чамасында сааса, кечкисин саат 17:00 саайт. Кант диабети, сарык оорулары менен ооруган бейтаптар күн сайын эки маал, жаңы саалган мезгилде келип ичип кетишет. Төөнүн сүтүнүн 1 литри 500 сом турат.

«Төөнү Казакстандан алып келүү деле оңой эмес. Ар биринин документи бар. 3 ай сайын анализ тапшырып, эмдетип турам. Быйыл атайын төөнүн сүтүн ичүүгө келген адамдар үчүн чакан оорукана салайын десек, жергиликтүү бийлик макул болгон жок. Бейтаптар өздөрү келип, ичип кетип турушат. Бир төө жазында 3-4 литр сүт берсе, кышкысын 1 литр сүт берет. Анын 1 литри 500 сом турат», - деди Э.Курбаналиев.

Төө башка жаныбарларга салыштырмалуу кымбат болот. Ар бир төөнү 150 миң сомдон 300 миң сомго чейин сатып алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×