Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Ош

Өзгөндө тамакка уулангандардын саны 17 адамга жетти

Turmush -  Өзгөн районунда тамак-ашка ууланып ооруканага түшкөндөрдүн саны 17 адамга жетти. Бул тууралуу Өзгөн аймактык ооруканасынын жетекчиси Сатар Жусупов билдирди.

Анын айтымында, 12-мартта 9 адам, 13-мартта 5 адам тамак-ашка ууланганы аныкталып, ооруканага жаткырылган. Мындан сырткары, кечээ дагы бир адам тамакка ууланып, ооруканага кайрылган. Алардын ичинен абалы оор делген 3 бала Ош шаардык ооруканасынын балдардын жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулган. Ошондой эле, дагы 2 бала Ош шаардык ооруканасындагы аталган бөлүмгө жаткырылды.

Учурда аймактык ооруканада жаткан 12 адамдын абалы жакшы деп бааланып жатат.

Окуя тууралуу:

Кечээ, 13-мартка караган түнү Өзгөн аймактык ооруканасына тамак-ашка ууланган адамдар жеткирилген. Ооруканадан алынган алгачкы маалыматтар боюнча, текшерүүдөн кийин 10 адам ооруканага жаткырылып, ботулизм экени аныкталган. Алардын арасында жаш балдар да бар.

Кийинчерээк Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык көзөмөл департаменти уулангандардын саны 14 адамга жеткенин, алардын ичинен төртөө жаш балдар экенин билдирди.

Департаменттин маалыматы боюнча, ооруканага 12-мартта саат 17:30дан тарта 22:00гө чейин 9 адам, 13-мартта 5 адам кайрылган. Акыркы маалыматтар боюнча, 3 жабырлануучунун абалы оор деп бааланып жатат.

Ууланган адамдардын баары бир көчөнүн тургундары. Алар кечээ ашар жолу менен иштеген айылдаштары менен бирге тамактанышкан.

Уулангандардын тизмеси:

- 2012-жылы туулган М.Р. (кыз), балдардын жандандыруу бөлүмүндө;

- 1989-жылы туулган Х.А. (эркек киши), жугуштуу оорулар бөлүмүндө;

- 2007-жылы туулган У.М. (эркек), жугуштуу оорулар бөлүмүндө;

- 2004-жылы туулган М.А. (эркек), жугуштуу оорулар бөлүмүндө;

- 1977-жылы туулган С.А. (эркек киши), жугуштуу оорулар бөлүмүндө;

- 1985-жылы туулган И.Н. (аял киши), жугуштуу оорулар бөлүмүндө;

- 1979-жылы туулган А.А. (эркек киши), жугуштуу оорулар бөлүмүндө;

- 1994-жылы тулуган М. кызы И., жугуштуу оорулар бөлүмүндө;

- 2012-жылы туулган М.Р. (кыз), жугуштуу оорулар бөлүмүндө;

- 1981-жылы туулган М.С. (эркек киши), жугуштуу оорулар бөлүмүндө;

- 1980-жылы туулган Б.М. (эркек киши), жугуштуу оорулар бөлүмүндө.

Башка жабырлануучулар такталып жатат.

Учурда бейтаптарга дарыгерлер керектүү жардамдарды көрсөтүп, окуяга байланыштуу тактоо иштери улантылууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1272
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×