Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Өзгөндөгү массалык уулануу: Ооруканадагы 3 жаш баланын абалы оор бойдон калууда

Turmush -  Өзгөн шаарында тамакка ууланып, ооруканага түшкөн 3 жаш баланын абалы туруктуу оор деп бааланып жатат.

Дарыгерлердин айтымында, алардын бири өз алдынча дем алып, экөө аппараттын жардамы менен дем алып жатат. Өзгөн аймактык ооруканасындагы калган бейтаптардын абалы туруктуу. Тамакка ууланып, ооруканага түшкөн бир бейтап үйүнө чыгарылды.

Буга чейин аталган оорукананын жетекчиси Сатар Жусупов 12-мартта 9 адам, 13-мартта 8 адам тамак-ашка ууланганы аныкталып, ооруканага жаткырылганын маалымдаган болчу. Алардын ичинен 5 жаш бала Ош шаардык ооруканасынын балдардын жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулган. Аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.

Ууланган адамдардын баары бир көчөнүн тургундары. Алар ашар жолу менен иштеген айылдаштары менен бирге тамактанышкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1219
Көп окулду
×