Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ош облусу, Озгон 06.04.2018 14:45

Өрт коопсуздук талаптары аткарылбаса Өзгөндүн борбордук базары убактылуу жабылат

Turmush -  Өрт коопсуздук талаптарына жооп бербеген дагы бир базар катталды. Өзгөн шаарынын борбордук базары Мамэкотехинспекция тарабынан текшерүүгө алынганда, өрт коопсуздугу боюнча олуттуу кемчиликтер аныкталган.

Соода жайларынын, курулуштардын иретсиз жайгашканы, ошондой эле өрт өчүрүүчү каражаттардын жоктугу жана суу топтоочу жайлардын иштебегени тизмектелди, деп маалымдайт ведомствонун басма сөз кызматы. Мамэкотехинспекциянын адистери Өзгөндүн базарында өрт кырсыгы катталса, аны өчүрүү татаал болуп, жарандарга жана соодагерлерге экономикалык чоң чыгым алып келүү коркунучу бар экенин кошумчалашты.

Текшерүүнүн негизинде катталган кемчиликтер базардын жетекчилигине билдирилип, белгилүү мөөнөттө коюлган талаптарды аткаруу тапшырмасы коюлду. Кайталап текшерүү жакынкы күндөрү жүргүзүлөт. Эгерде коюлган талаптар ишке ашпаса административдик чарадан сырткары базардын ишин убактылуу токтотуу маселеси да каралат.

Мамэкотехинспекциянын өрткө каршы башкармалыгынын адистери тарабынан өлкө боюнча ыкчам текшерүүлөр ири соода жайларында дагы өткөрүлүп жатат. Алардын басымдуу бөлүгү өрт коопсуздук талаптарына жооп бербейт. Өрт коопсуздук талаптарын аткаруу боюнча соода жай ээлерине мөөнөт коюлууда. Берилген мөөнөт аралыгында кемчиликтер жоюлуп, коопсуздук талаптарын камсыздоо иштери жүргүзүлбөсө аталган жайлардын иши убактылуу токтотулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×