Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусу, Озгон 13.04.2018 16:05

Эл аралык космонавтика күнү: Өзгөндүк окуучулар космонавт С.Шариповду телефон аркылуу куттукташты (фото)

Turmush -  Кечээ, 12-апрель — Эл аралык космонавтика күнү кыргызстандык космонавт Салижан Шарипов окуган Өзгөн шаарындагы №1 С.Шарипов атындагы мектепте да белгиленди. Окуучулар С.Шарипов менен телефон аркылуу байланышып, аны майрамы менен куттукташканын мектептин директору Айсулуу Ходжахунова билдирди.

Анын айтымында, аталган мектеп 20 жылдан бери Кыргызстандан чыккан алгачкы космонавт С.Шариповдун атын алып жүрөт.

«Биздин мектеп Фрунзе атында болчу. 1998-жылы 4-апрелде С.Шарипов космоско учкандан кийин, мектепке анын ысымы ыйгарылган. Окуучулар арасында «Космос» жумалыгын өткөрдүк. Кечээ, 12-апрелде бул күндү салтанаттуу түрдө мектеп окуучулар менен биргеликте белгиледик. Салижан Шариповго арнап ырларды айтып, сүрөт сынактарын жеңген окуучуларга ардак грамоталарды тапшырдык. Андан соң космонавт менен окуучулар телефон аркылуу байланышып, майрамы менен куттукташты. Ал да окуучуларга куттуктоо сөздөрүн айтты»,- деди А.Ходжахунова.

№1 С.Шарипов атындагы мектепте жалпы 2 миң 128 окуучу билим алып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×