Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Өзгөндүк кикбоксчулар Азия чемпионатынан 3 медаль менен кайтты (фото)

Turmush -  Өзгөн шаарынын спортчулары Чолпон-Ата шаарында өткөн кикбоксинг боюнча Азия чемпионатында эки алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу Өзгөн шаардык мэриясынын маданият, жаштар, спорт жана жаңы технологиялар боюнча башкы адиси Сабырбек Калбердиев билдирди.

Анын айтымында, Өзгөн шаарынан бул чемпионатка 3 спортчу жолдомо алып, жыйынтыгында үчөө тең жеңишке жетишкен.

«Азия чемпионаты 5-12-май күндөрү Чолпон-Ата шаарында өттү. Бүгүн жеңиш менен кайтып келген спортчуларды расмий түрдө тосуп алып, баалуу белектер тапшырылды. Тосуп алуу салтанатына Өзгөн шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Рахманжан Атажанов, Өзгөн шаардык кеңештин депутаттары, район боюнча спорт инструктору Калдар Эркинов жана жаш спортчулар катышты.

Бул жолу Ыкбалжан Пазылжанов 64 кг салмакта, Ахрор Рузибаев 65 кг салмакта күч сынашып, алтын медалга ээ болушкан. Ал эми Рахимжан Сайдислам уулу 63 кг салмактагылар арасында 2-орунду багындырып, күмүш медаль тагынды», - деди С.Калбердиев.

Байгелүү кайкан спортчуларга жана машыктыруучусуна сыналгы тапшырылып, чепкен, калпак кийгизилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2292
Көп окулду
×