Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ош облусу, Озгон 18.05.2018 09:17

Өзгөндө 14 жаштагы Мурат кызы Таңсулуу изделип жатат (фото)

Turmush -  Өзгөн шаарынын 14 жаштагы тургуну Мурат кызы Таңсулуу изделип жатат. Ош ОИИБдин маалыматы боюнча, ал үйүнөн мектепке 2018-жылы 19-апрель күнү болжол менен саат 07:30 чамасында чыгып кеткен бойдон дайынсыз.

Кийген кийимдери: Үстүндө ак көйнөк, ала-була түстөгү жемпир, кара юбка, ак колготки, бутунда ак спорттук бут кийим.

Бою болжол менен 155-160 см чамалуу, чачы кара-күрөң, далысына чейин түшүп турат. Көзү көгүш, сол көзүндө калы бар.

Таңсулуу тууралуу маалыматы барлар (03233) 5-06-36,0778-35-45-45,0550-03-00-33, 0779-96-46-94 телефон номуру аркылуу маалымат берсе болот.

Мурат кызы Таңсулуу

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×