Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусу, Озгон 01.06.2018 21:49

Өзгөндө аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына балмуздак таратылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 1-июнда Өзгөн шаарында сейил бактардагы аттракциондор балдар үчүн акысыз кызмат көрсөтүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын маданият, жаштар, спорт жана жаңы технологиялар боюнча башкы адиси Сабырбек Калбердиев билдирди.

Анын айтымында, шаардагы аз камсыз болгон 200 үй-бүлөнүн балдарына тарттуулар берилип, балмуздактар таратылды. Майрамдык салтанатка Өзгөн шаардык мэринин убактылуу милдеттин аткаруучу Рахманжан Атаджанов, Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары Алишер Бакышов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×