Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусу, Озгон 27.08.2018 15:00 На русском

Өзгөндүн мэрине байланышкан кылмыш иш 1 жылдан бери тергелип жатат

Turmush -  Өзгөн шаарынын мэри Саипжан Пратов кызматтан бошотуу боюнча өз каалоосу менен арыз жазганы тууралуу маалыматты жокко чыгарды. Буга чейин мэр арыз жазганын аймактык кабарчыга Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы Азамжан Жалилов билдирген болчу.

Анын айтымында, С.Пратовго 2017-жылдын июль айында кылмыш иши козголгон. Андан кийин мэрликтен убактылуу бошотулган.

«Учурда шаар мэринин үстүнөн козголгон ишти тергөө иштери аяктай элек. Шаар мэри Саипжан Пратов 1 сотых жерди мыйзамсыз саткан деп айыпталып, кылмыш иш Жогорку сотто каралып жатат», - деди төрага.

Төраганын айтымында, Өкмөттөн учурда бул иш Жогорку сотто каралып жатканы, акыркы чечим кабыл алына электиги боюнча жооп келген. Буга байланыштуу Өзгөн шаарынын мэри тууралуу буйрук чыгарууга мүмкүн эмес.

Учурда Өзгөн шаарынын мэринин милдетин Рахманжан Атаджанов аткарып жатат.

Ал эми Өзгөн шаарынын мэри Саипжан Пратов кийинчерээк: «Учурда тергөө иштери бүтө электигине байланыштуу иштен кетүү боюнча арыз жаза элекмин. Мыйзамсыз жер берүү боюнча мен чечим чыгарган эмес элем. 11 адамдан турган жер бөлүп берүү боюнча комиссиясы чыгарган.

Мен учурда таш кесип чыгаруучу ишкананы ачуу боюнча иштеп жатам. 10-15 күндө ишкана ишке кирет. Иштен кетүүгө арыз жазды деген маалымат жалган», - деп билдирди.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан Өзгөн шаарынын мэри Саипжан Пратов кол койгон «Жер тилкесин берүү жөнүндөгү» 2016-жылдын 10-августундагы токтомду жараксыз деп табуу боюнча кылмыш иши козголуп, С.Пратов убактылуу кызматынан четтетилген болчу. Өзгөн райондук прокуратурасынын, Өзгөн шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 10-августундагы №21 токтомун жокко чыгаруу боюнча кассациялык сунуш Жогорку сот тарабынан ушул жылдын 1-июлунда кабыл алынып, учурда соттук териштирүү иштери жүрүп жатат. Буга байланыштуу учурда акыркы чечим кабыл алына элек.

------------------------------------------------

Саипжон Пратов Өзгөн шаарынын мэри болуп кайрадан 2017-жылдын 3-февралында шайланган. Мэрликке бир гана талапкер көрсөтүлүп, шаардык кеңеште жалпы 31 депутат болсо, анын ичинен 24 эл өкүлү Пратовдун талапкерлигин колдогон болчу. Саипжон Пратов ага чейин бир жыл убакыт Өзгөн шаарын башкарып келген.

С.Пратов 1975-жылы Ош облусунун Өзгөн шаарында туулган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×