Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ош облусу, Озгон 18.09.2018 11:07 На русском

Сүрөт — 17 жаштагы Диана Өзгөндөгү эң сулуу кыз аталды

Turmush -  Өзгөн шаарында «Өзгөн сулуусу-2018» сынагы өтүп, 17 жаштагы Диана Улукбек кызы баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу уюштуруучу Дилмурат Турсунбаев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, сулуулар сынагына 14 жаштан 20 жашка чейинки кыздар катышкан.

«Сулуулар сынагына катышууга 20 кыз кастингге келишкен. Алардын ичинен 6 кыз суурулуп чыгып, бийкечтер 4 баскыч боюнча күч сынашты. Саламдашуу, улуттук тамак-аш жасоо, улуттук стиль, талантын көрсөтүү, кечки стиль боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашты. Жыйынтыгында таажыны 17 жаштагы Диана Улукбек кызы тагынып, баш байгени жеңип алды.

Ал эми 1-орунду Гаухар Алмаз кызы алса, 2-орунга Элина Абдисаматова татыктуу болду. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер, дипломдор, түрдүү наамдар тапшырылды», - деди Д.Турсунбаев.

«Өзгөн суулусу-2018» сынагы Өзгөн шаардык мэриясынын колдоосу менен өткөрүлгөн. Дилмурат Турсунбаев сынак жогорку деңгээлде өткөнүн кошумчалады.

Буга чейин кыздар жана мырзалар арасындагы сулуулар сынагы Ош, Кара-Суу шаарларында уюштурулган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×