Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Ош облусу, Озгон 07.01.2019 17:24

Өзгөндөгү соодагер 150 000 сомдук товарын жана 200 000 сомун погончондор алганын айтууда. Милиция кызматкерлери өзү эмне дейт?

Turmush -  Өзгөн шаарынын тургуну Бауржан Кадырбеков 150 миң сомдук ар кандай товарын, 200 миң сом акчасын милиция кызматкерлерине алдырып жибергендигин айтып чыкты.

Бауржан Кадырбеков билдиргендей, 2018-жылдын 7-декабрь күнү милиция кызматкерлери рейд учурунда Өзгөн шаарындагы Манас көчөсүнөн товарын жана унаанын ичиндеги акчасын алып кетишкен.

«2018-жылдын 7-декабрь күнү саат 10:30 чамасында милиция кызматкерлери рейд учурунда менин 150 миң сомдук товарымды, унаадан 200 миң сом акчамды алып кетишиптир. Унаамды айып пул төлөөчү жайга токтотуп коюшуптур», - деди Кадырбеков.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул окуяга милиция кызматкерлеринин тиешеси жок экендигин айтты.

«Бул маалымат такыр туура эмес. Бул рейдди милиция өткөргөн эмес. Рейдди Өзгөн мэриясы көчөлөрдөгү башаламан соода күркөлөрдү иретке келтирүү максатында өткөргөн экен. Болгону милициядан коомдук коопсуздукту сактоо боюнча өкүл гана барган. Ал жердеги товарларды алып кетүү иштерин милиция кызматкерлери жасаган эмес», - деди Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев.

Ал эми Өзгөн шаардык мэриясы эч кандай товарлар алынбагандыгын билдирди. Бул түзүмдүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылгандай, аталган адам дайыма жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолго унаасын коюп соода кылчу.

«Мэрия ага бир нече ирет эскертүү берген. Эскертүүлөргө карабай соода кыла бергенинен милиция кызматкерлери аталган жаранды 2 күнгө камап салышкан. Ушуга өчөшүп, ар кандай маанидеги арыздарды жазып жатат. Мэриянын кызматкерлери эртең менен жолдо соода кыла турган столдорду жыйнап кетет. Бирок бул жарандын эч нерсеси алынган эмес», - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×