Turmush — Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин стипендиясын тапшыруу салтанаты болуп өттү.
Окуу жайдын маалыматына караганда, иш-чарага Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов, акимдин орун басары М.Т.Ибраимов, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Райондун акими тарабынан окуудагы эң мыкты жетишкендиктери, коомдук иштерге активдүү катышып, мыкты жүрүм-туруму менен башкаларга үлгү болгон 7 студент социалдык жактан колдоого алынып, 3000 сомдон стипендия жана баалуу белектер тапшырылды.
300 миңге жакын калкы бар Өзгөн районунун башчысы Каныбек Апбасов окуу жайда акимдин атайын стипендиясы атайын жобого ылайык жыл сайын окуунун мыктыларына тапшырууну салтка айлантып, стипендиянын суммасын мындан жогорулатып, бериле тургандыгын белгиледи.
Азем концерттик программа менен коштолду.