Turmush — Кечээ, 13-мартта Ысык-Көл районун Бостери айылында 3 унаанын катышуусунда жол кырсык катталды. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.
Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына караганда, кырсык кечээ саат 08:30 чамасында болгон. Бостери айылынын ичинен Д.Ж.С. аттуу айдоочу «Mersedes-Benz» үлгүсүндөгү унаасы менен келе жатып, С.Д.нын башкаруусундагы «Wolswagen Passat» унаасын, Б.Т. аттуу айдоочунун «Mazda Premasi» автоунаасы менен сүзгөн. Натыйжада 1жүргүнчү ооруканага кайрылган.
Учурда кырсыктын чоо-жайын териштирүү иштери жүрүүдө.