Turmush — Ош облусунун Өзгөн шаарында аялдардын ден соолугуна кам көрүүгө багытталган стартап долбоор ишке ашты. Бул тууралуу Ош мамлекеттик университетинен билдиришти.
ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде «Аялдардын ден соолугун чыңдоо жана калыбына келтирүү студиясы» стартап долбоорунун ачылыш аземи болду. Саамалыкка ОшМУнун Бизнес паркынын директору Эрлан Камалов, Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин директору Өзгөнбай Станбаев, Өзгөн шаарынын мэриясынын жана Өзгөн райондук аялдар кеңешинин өкүлдөрү катышты.
«Гин Эст (Эстетикалык гинекология)» деген бренд менен ишке ашырылып жаткан стартап долбоор аталган колледждин студенти Ширинкан Эргешова, окутуучу Гүлсана Сулайманова тарабынан демилгеленген.
Бизнес-идеянын авторлору ОшМУнун Бизнес паркы тарабынан уюштурулган тренингдерге катышып, стартап долбоорду ишке ашырууга 2000 АКШ доллары (170 000 сом) өлчөмүндө грант жеңип алышкан. Стартап долбоорго керектүү шаймандар жана эмеректер сатылып алынып, ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин жетекчилиги имараттан орун бөлүп берип, жергиликтүү кыз-келиндерге кызмат көрсөтүлө баштады.
«Бул стартаптын өзгөчөлүгү — студентибиздин жана анын менторунун өз кесиби боюнча актуалдуу бизнес-идеяны сунуштап жана Өзгөн шаарында ушундай аялдардын ден соолугун чыңдоочу борборго болгон суроо-талапты жакшы изилдеп, бизнес-тренингдерде алган көндүмдөрүн ийгиликтүү колдоно алгандыгында. Келечекте Мырза-Аке, Куршаб айылдарында да аялдардын ден соолугун чыңдоочу борборлорду ачуу боюнча сунуштар айтылды. ОшМУнун Бизнес паркы мындан ары да өнөктөштөр менен биргеликте окуучулар, студенттер, магистранттар, аспиранттар жана окутуучулар үчүн тренингтерди уюштуруп, алдыңкы бизнес-идеяларды, стартаптарды ар тараптуу колдоону уланта бермекчи», - деди ОшМУнун Бизнес паркынын директору Эрлан Камалов.
ОшМУнун Бизнес паркы тарабынан 2022-2023-окуу жылында 9 жолу тренинг уюштурулду. Ал тренингдерде 1000ден ашуун бизнес-идеялардан тандалып алынган 327 стартап долбоорлордун авторлору тиешелүү билимге, көндүмдөргө ээ болушту жана өз бизнестерин баштоого мүмкүнчүлүк алышты. Ийгиликтүү иштеп жаткан 40тан ашуун бизнес-долбоорлорго 10 000 000 сомдон ашык инвестиция тартылды.