Turmush — Нарын облусунда окуучулар арасында өтүп жаткан «Мектеп лигасы» спорттук долбоорунун облустук этабы жыйынтыкталды.
Маалым болгондой, мелдештин жыйынтыгында Ат-Башы районунун Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин командасы 1-орунду багындырып, республикалык мелдешке жолдомо алды.
Мелдештин жеңүүчүлөрү:
- 1-орун: Ат-Башы району, Карыбек уулу Акматаалы орто мектеби;
- 2-орун: Кочкор району, Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясы;
- 3-орун: Нарын шаары, КСРОнун 60 жылдыгы атындагы орто мектеби.
Жеңүүчү команданы башкы машыктыруучулар Жумадил уулу Садык жана Абдыков Шапат.
Карыбек уулу Акматаалы мектебинин спортчулары акыркы 6 жылдан бери райондук мелдеште биринчиликти эч кимге бербей, туруктуу ийгиликтерди жаратып келишет. Мурдагы жылы да республикалык этапта облус намысын татыктуу коргошсо, быйыл кайрадан өлкө биринчилигине баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
«Мектеп лигасы» долбоору өлкөбүздө 6 жылдан бери уюштурулуп келет. Быйылкы мелдешке республика боюнча жалпы 462 команда, ал эми Нарын облусунан 56 команда катталды.